Үч кыргыз балбаны олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат (тизме)

Дене тарбия жана спорт департаменти бүгүн, 19-апрелде Бишкекте Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо (лицензия) берүүчү Азиялык турнир старт алганын билдирди.
Анда өлкөнүн эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов жарым финалга чыгышты.
57 килограммга чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбанды 6:2 эсеби менен утту. 1/4 финалда кытайлык балбанды жеңип, жарым финалга чыкты.
65 килограммга чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды.
Ал эми 74 килограммга чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан орусиялык Магомерасул Аслуев менен беттешип 7:1 эсебинде жеңишке жетти . 1/4 финалда индиялык Жайдип Жайдип аттуу балбан менен беттешип 2:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Белгилей кетсек, бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан