Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду 1-даражадагы "Достык" ордени менен сыйлады (видео)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду 1-даражадагы "Достык" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Салтанаттын жүрүшүндө Казакстандын башчысы Садыр Жапаровдун эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон зор салымын белгиледи.

"Кыргызстан бизди терең жана тарыхый тамырлар менен байланыштырган боордош өлкө. Кыргызстан биздин эң жакын жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Биздин өз ара пайдалуу мамилелерибиз эки элдин бир туугандык алакалары менен тыгыз байланышта. Мен сиздин бул маселедеги ролуңузду жогору баалайм", - деди казак лидери.

Токаев Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана альянсты кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык эки элдин жаркын келечеги үчүн дагы чыңдаларын айтты.

"Көп тараптуу байланыштарды чыңдоодо салымдын көбү сизге таандык экени талашсыз. Өзгөчө урмат-сый жана чын ыкластан ыраазы болуу менен 1-даражадагы "Достык" орденин тапшырууну чечтим. Бул сыйлык эки тараптуу мамилелердин активдешине салым кошот деп ишенем. Казакстан менен Кыргызстандын достугу түбөлүктүү болсун!" - деди Токаев.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта өлкө башчысы Садыр Жапаров Казакстанда иш сапары менен жүрөт.

Маалымат үчүн:

Казакстан Республикасынын "Достык" ордени – коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү мамлекеттик жогорку сыйлык.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду I даражадагы "Достық" ордени менен сыйлады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан