Садыр Жапаров Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Бүгүн, 19-апрелде президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Ага ылайык, ал салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты.

Мындан тышкары саясий, экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык маселелердин кеңири спектри талкууланды.

Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү жыйынтыгы катары - эки өлкө элдеринин түпкү таламдарына жооп берген Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимге кол коюлушун атады.

"Экономика, соода, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды.

Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңы өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду",-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Кичи-Капка" жана "Камышановка" өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бул иш-чаралар, албетте, эки тараптуу сооданын жогорулашына жана айрым учурда унаа тыгыны байкалган өткөрүү пункттарындагы тыгындарды жоюуга жардам берет.

Ошондой эле өлкө башчы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективаларына өзгөчө көңүл бурулгандыгы тууралуу маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан