Садыр Жапаров Астанадагы улуттук космос борборуна барды (сүрөттөр)

Бүгүн, 19-апрель мамлекет башчы Садыр Жапаров Астанага болгон расмий сапарынын алкагында "Казакстан гарыш сапары" улуттук космос борборуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ал жакка барганында Казакстандын космостук жетишкендиктери жана космостук аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин иши көрсөтүлдү.

Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти, космостук аппараттарды жасоо этаптары жана даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды. Мындан тышкары президент жана расмий делегациянын мүчөлөрү космоско жөнөтүлгөнгө чейин спутниктерди сыноо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан аймактарды карап чыгышты.

Эки өлкөнүн космос тармагындагы өнөктөштүгүнө да көңүл бурулганы кошумчаланды.

Борборго барганында Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов коштоп жүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан