Бүгүн, 20-апрель, саат 9:00гө карата чет элдик валюталардын курсу менен тааныштырабыз. Бишкектеги коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында валюталар курсу төмөндөгүдөй болууда:
- 1 доллар 89 сомдон сатып алынса, 89 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.
- Рублду сатып алуу 93 тыйындан болсо, сатуу 97 тыйынга чейин барууда.
- 1 еврону сатып алуу 94 сом 10 тыйындан болсо, 95 сом 80 тыйынга чейин сатылууда.
Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 20 тыйын, 1 рублдун курсу 95 тыйын, 1 евронун наркы 94 сом 80 тыйын деп көрсөтүлөт.