Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иш-чаралардын алкагында эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган С.А.А. аттуу Казакстандын жараны кармалды.
"Аталган жаран жазадан кутулуу максатында өткөн жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, өлкө аймагында жашырынып жүргөн. Учурда ал Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.