Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 54 миңден ашуун баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жылкы, эшек, качыр - 1 372 баш (былтыр январда 1 454), бодо мал - 17 миң 152 (1 463), кой, эчки - 35 миң 585 (14 811) баш сыртка чыгарылган.
Былтыр бул аралыкта өлкөдө болгону 17 миңден ашык мал экспорттолгон.
Бодо мал да, майда жандыктар да Өзбекстанга сатылган. Ал эми биринчи категориядагылар Казакстан, Кытай жана Өзбекстанга чыгарылган.