Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык экинчи турдук оюндардын алкагында Тажикстандын курмасы менен ойноду.
Оюндун жыйынтыгында 2-2 эсебинде тең чыгышты. Өлкөнүн курама командасынан Шохрух Махмадаминов жана Максат Алимов гол киргизди.
Кыргызстан алгачкы беттешин Япониянын курама командасы менен ойноп, 3:2 эсебинде жеңген. Алар Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен "С" тайпасында жайгашкан.