Эртең, 21-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 22 … +27,
Талас жергесинде түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 19 … +24,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… + 16, күндүз + 22 … +27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17…+22.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.