"Макул дедим". Алпаруучу Айзада Жамгырчиеванын жигити колун Нью-Йоркто сурады

Алпаруучу Айзада Жамгырчиеванын жигити анын колун сурады. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ал өзү Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирип, видеосу менен бөлүштү.

"Мен макул дедим. Нью-Йорк эркиндиктин жана сүйүүнүн шаары катары эсте калат" , - деп жазган Жамгырчиева.

Эске салсак, алпаруучу учурда Америкада жүрөт. Анын сөйкө салуу аземи 13-апрель күнү анын кичи мекени Таласта өткөн.

Андан көп өтпөй Жамгырчиева күйөрмандарынын бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берген. Анда учурда жеке жашоосу жана окуусуна байланыштуу Америкада экенин, Кыргызстанга келгенде үйлөнүү тою боло турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан