Бүгүн, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Белгилүү болгондой, ал 68 килограмм салмакта өзбекстандык Набира Эсенбаеваны 7:2 эсеби менен жеңди.
Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо болду.
Эске салсак, ушул тапта Бишкекте Азиялык олимпиадалык квалификациялык мелдеш өтүүдө. Аталган мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алат.