Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев облустагы кырдаал боюнча чукул штаб өткөрүп, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Белгилей кетсек, 20-апрелде Ош облусунун бир катар райондорундагы айылдарда катуу сел жүргөн. ӨКМ селдин кепетинен бир адам каза болгонун маалымдаган.
Ага ылайык, онлайн режимде өткөн жыйынга облустук жетекчилер, жарандык коргонуу өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Талкууда учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилип, акыркы күндөрдө аткарылган иштер талдоого алынды.
"ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.
Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен Элчибек Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Эске салсак, ӨКМ кечээ, 21-апрелде Оштун төрт районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан