Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 434 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 559 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 165 куб метрди түзүүдө.
Ага ылайык, өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.