Бишкектеги тойканалардын биринде кыз узатуу аземине катышкан 39 адам тамак-ашка ууланган. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар "Улуу тоо" ресторанында 15-апрелде жана 18-апрелде өткөн.
Бүгүн, 22-апрелге карата маалыматка таянсак, медициналык жардам алуу үчүн жалпы 39 адам кайрылган. Алардын арасында 27 жаран 15-апрелдеги иш-чарага катышкан болсо, 12 адам 18-апрелде болгон аземге катышканы айтылат.
"Улуу тоо" ресторанына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында тамак-аштардан жана кошулмалардан үлгүлөр алынып, учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Тойканага 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле тез арада тойкананын ишин токтотуу боюнча эскертүү берилди.