Эмилбек Жусуповдун ордуна Советбек Рустамбек уулу депутат болуп келди

Мандатын тапшырган Эмилбек Жусуповдун ордуна Жогорку Кеңешке Советбек Рустамбек уулу келди. Бул боюнча маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын 22-апрелдеги жыйынында каралып, жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
"Ишеним" партиясынан шайланып келген Жусуповдун өзү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы кабарланган. Анын мындай чечиминин себеби айтылган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин ондогон үлүшчүлөр Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Ал азыр аталган ишканага тиешеси жок экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан