Эртең, 23-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20… +25,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз + 15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21… +23 градус болот.