Депутат Айдарбеков TikTok платформасы жаштар үчүн маанилүү экенин айтты

Бүгүн, 22-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаевге TikTok социалдык тармагын жабуу боюнча суроо узатты.

"Университеттин студенттери менен жолуктум. Бардыгы менден TikTok'ту жабуу боюнча көз карашымды сурашты. Алар "биз жаш муунбуз, ушул TikTok аркылуу иштейбиз, маалымат алабыз" деп айтып жатышат. Мен депутат катары позициямды айттым. Буга кандай чечим болду? Эмненин негизинде тыюу салынды?" - деди Айдарбеков.

Абдыкадыр Разаев мындай чечим өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын белгилеп, чечим мыйзамдуу деп жооп берди.

Айдарбеков негизи балдарды терс мазмундан сактоо чечимин ата-энелер кабыл алышы керектигин айтып, УКМКнын өкүлүнөн тыюу салууга эмне негиз болгонун сурады.

"Тыюу салыш үчүн соттун чечими болдубу? Же фейктердин мыйзамынын негизинде ушундай чечим кабыл алындыбы?" - деди эл өкүлү.

Буга Абдыкадыр Разаев так жооп бере алган жок.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков мындай маселелерди кенен форматта талкуулоого чакырып, TikTok жаштар үчүн маанилүү маалымат булагы экенин кошумчалады.

Буга чейин 19-апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкө аймагында TikTok маалымат кызматына кирүү толугу менен бөгөттөлгөнүн маалымдап, мындай чечим Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 22.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан