Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Бүгүн, 22-апрелде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул боюнча ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды.

Сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар орун алары кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан