Баткенде издөөдө жүргөн жаран Чүйдөн кармалды

Баткенде алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалымдалгандай, Баткен районунун И.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш жаран райондук сот тарабынан конфискацияланган унаасын чыгарып берем деп 280 миң сом акча алып, кийин из жашырып кеткендигин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки тергөө иштери башталып, издөө жарыяланган.

Шектүү катары Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 41 жаштагы С.Р. аттуу тургуну Чүйдүн Кемин районундагы Чым-Коргон айылынан кармалып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан