Жалал-Абаддагы сел: Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундары эвакуацияланууда

Жалал-Абад облусунун Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу аталган айылдын тургундарына кооптуу абал жаралган.

Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан тургундарды коопсуз жайларга эвакувация кылуу чечими кабыл алынды.

Жеринде өзгөчө кырдаалды жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Райондук Жарандык коргонуу кызматынан 2 автобус, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор, медициналык кызматынан 2 тез жардам унаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан 2 экипаж тартылды.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан