Мурда алынбай калган пенсия төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Соцфонддон билдиришти.
Маалымдалгандай, пенсиясы эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы 3 жылдан ашпаган убактысына төлөнүп берилет.
"Пенсияны төлөгөн органдын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган пенсиялардын суммасы өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнүп берилет", - деп айтылат маалыматта.