Талас районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, райондун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Учурда сел катталган аймактарда Талас райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей өтсөк, 22-апрелде Талас районунун айрым айылдарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөнү маалымдалган.
Эске салсак, кечээ, 22-апрелде Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.