Англиянын "Concrete Canvas" компаниясы Кыргызстанга завод курат

Кыргызстанга Англиянын "Concrete Сanvas" компаниясы композиттик бетон баракчаларын чыгаруучу завод курат. Мындай келишим аталган компания менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр ноябрда Англияга барган жумушчу сапарында түзүлгөн.

Ага ылайык, бүгүн, 23-апрелде Чүй облусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун катышуусунда компаниянын продукциясы пилоттук долбоор катары көрсөтүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин айтымында, келишим долбоору түзүлсө заводду куруу үчүн компания 15 миллион доллар инвестиция салат.

"Биз аларга заводду куруу үчүн Ош облусунун Араван районунан жер берүүнү пландап жатабыз. Келишим долбоору боюнча компания 2 жылдын ичинде заводду куруп бүтүрүшү керек. Биз аларга жылына 1,5 миллион чарчы метр продукциясын сатып алууга убада берип жатабыз.

Инвестиция салууга кызыкдар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүнү жана маселени ыкчам чечүүнү колго алат", - деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев заводдон чыгарылган материалдар ирригация тармагына, тагыраагы, сугат суу каналдарын оңдоого колдонуларын айтты.

Ал эми "Concrete Canvas" компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөшү "Интегра Инжиниринг Групп" компаниясынын жетекчиси Жодар Сайдилкан аталган компаниянын Англияда гана заводу бар экенин белгилеп, эгер Кыргызстанга курулса дүйнөдөгү экинчи завод болуп калат дейт.

"Биздин өлкөнүн муктаждыгын чечүүдө бул ишкананын материалдары керек. Жалпы өлкөдө 28 миң чакырым ирригациялык каналдар бар. 11 миңи бетон менен жасалса, дагы эскилиги жеткен. 17 миң чакырымы топурак бойдон турат. Ошондуктан биз сугатка колдонуучу суубуздун 50 пайызын жоготуп алып жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, компания жумшак композиттик бетон полотносун (бетон баракчаларын) чыгарат. Тагыраагы, чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.

“Concrete Canvas” компаниясынын Кыргызстанда ачыла турган заводунун продукциялары ички рынокту гана камтыбастан, Орусия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерге экспорт болот.

Бакыт Төрөбаев
23.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан