Бишкекте Безымянная көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылды

Бишкектие Безымянная көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Таш-Көмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо үчүн жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты сыйрып, жердин негизин даярдоо боюнча иштерин жүргүзүп жатат.

"Ал эми ирригациялык система жана бордюрлар кезеги менен орнотулат.

Курулуш иштерин аяктоо ушул жылдын май айынын ортосуна пландаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан