Бишкекте автобус айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн адистери автобустардын айдоочулары менен үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга жол эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты, ошондой эле автобустун айдоочусунун кызматтык нускамасы боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турат.

"Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Жол эрежесин сактаңыз жана мүмкүн болушунча коомдук транспортко жол бериңиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан