Милиция жана салык кызматкерлери коррупцияга айыпталып кармалды (видео)

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери коррупцияга айыпталып кармалганын бүгүн, 23-апрелде кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 22-апрелде Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору В.Е., Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча салык кызматынын инспектору Э.Н., Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Т.А. жана салык кызматынын кызматкеринин ортомчусу Д.Г. кармалган.

Алар "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп айыпталып жатат.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция жана салык кызматкерлери коррупцияга айыпталып кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан