Акылбек Жапаров Орусиянын Ленинград облусунун губернаторун кабыл алды 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы эки өлкөнүн ортосунда союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн деминде жемиштүү кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген толук өз ара түшүнүшүү бар экенин, Кыргызстандын Ленинград менен достугу узак жана даңктуу тарыхка ээ экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өткөн жылы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Ленинград облусунун өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Ал өнөр жай, айыл чарба, туризм, билим берүү жана жаштарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда кызматташууну арттыруу боюнча алдыга коюлган милдеттер аткарылып, практикалык натыйжаларды берерине ишеним билдирди.

Александр Дрозденко өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкты жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Чүй облусу менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө чоң маани берилерин белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык, транспорт-логистикалык кызматташтык, туризм, билим берүү жана медицина тармагындагы маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан