Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Азербайжандын маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, Алтынбек Максүтов Адиль Габиль оглу Каримли мырзага Кыргызстандын Азербайжанда өтүп жаткан маданият күндөрү эки тараптуу мамилелерди бекемдеп, азыркы кыргыз-азербайжан маданий байланыштарын байыта тургандыгын айтып, Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруп өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал эми Азербайжандын маданият министри алдыда өтө турган маанилүү маданий иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүнү, Баку эли кыргыздын бай маданияты менен таанышууну ынтызарлык менен күтүп жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү мамилелердин активдешүүсү, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында уюштурулган ар кандай иш-чаралардын алкагында искусство ишмерлеринин өз ара катышуусун талкуулап, буга чейин өткөрүлгөн эки тараптуу маданий иш-чараларды талкуулашты.
"Анын ичинде кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын байланышы, театрлардын эл аралык фестивалдарга катышуусу, тарыхый-маданий тармактарда жасалып жаткан иштер, өлкөлөр ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү жана өнүктүрүү керектиги айтылып, кызматташуу боюнча укуктук документтерди актуалдаштыруу маселеси көтөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.