"Элден бата алып, той берем". Куудул, актриса Назира Жетигенова 50 жашка чыкты

Белгилүү куудул, актриса Назира Жетигенова бүгүн, 24-апрелде 50 жашка чыкты. Туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканыбызда маанайы эң сонун экенин, туулган күнүндө элден бата алып, той бере турганын айтып өттү.

"Туулган күнүм менен эң биринчи улуу кызым куттуктады. Бул күндү өзгөчө кылып өткөрөм, анткени өздүк майрам да. Жарык дүйнөгө келгениме, Аллах ушул жашоону бергенине сүйүнүп тосом. Негизи айымдар жашын жашыра беришет го, мен жашырбайм деле. Бул жөн гана сандар деп коём. Бүгүн 50 жашка чыктым, элден бата алайын деп той берип жатам.

Туулган күнүмдөгү менин эсимде калган эң кымбат, баалуу белек 2007-жылы апам унаа белек кылган. Ошол белек менин эсимде калыптыр. Негизи көп эле белектер болот", - дейт Жетигенова.

Назира Жетигенова 1974-жылы Талас шаарында төрөлгөн. Ал 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Бул тууралуу ал "Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Мен болсо атамды сагынып, анын үстүнө окугум келбей айылдан келген кыздар менен мушташа берип окуудан чыгып, билим албай калганыма өкүнөм" деген маектеринин биринде.

Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык "Ак марал" бий студиясында окуган. Куудул айым биринчи жолу чоң сахнага 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чыккан.

Жетигенова куудулдук өнөрдүн аркасы менен “Нукура кыргыз” телефестивалында 4-орунду, “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин “Күлкү жарманкеси” фестивалында 1-орун­ду алган.

Белгилей кетсек, анын Айпери жана Азиза аттуу кыздары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан