Жалал-Абадда өзүн "положенец" деп эсептеген жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан 3000 доллар опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмыш чөйрөсүнүн активдүү колдоочусу А.Ю. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө кармалган А.Ю. аттуу жаран кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алганы аныкталган.

"Чет өлкөлүк жарандын мурда кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруу жана кыймылсыз мүлк документтерин кайтарып берүү талаптарынын мөөнөтү аяктагандан соң, А.Ю. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, тагыраагы Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан бөлүмүндөгү «положенец» деп тааныштырып, чет өлкөлүк жарандын документтерин кайтарып берүү үчүн физикалык күч колдонуу менен коркутуп, кошумча сумма төлөп берүүнү талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган А.Ю. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан