Оштун борборундагы 4 кабаттуу үй жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында 4 кабаттуу үй курулган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси болуп турганда окуу жайдын 266 чарчы метр болгон жер тилкесин менчиктештирип алган. Ал жерге (Ош шаарындагы Мухтар Нургазиев көчөсүнүн №3 дарегинде) 4 кабаттуу 647,28 чарчы метр үй курган. Мыйзамсыз курулган мүлктүн наркы 50 миллион 241 миң 145 сомго бааланган.


"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен менчик ээси жер тилкесин Ош шаардык мэриясынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.

24.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан