Лейлекте коңшу өлкөнүн жараны баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды

Тажикстандан Баткенге ири өлчөмдө баңгизат ташып келип, сатып жаткан жеринен чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде саат 23:10 чамасында Лейлек районундагы Жаштык айылынын жанында коңшу өлкөнүн 1995-жылы туулган Ж.Э. аттуу жараны кармалган.
Текшерүүдө андан кара полиэтилен пакеттерге оролгон жалпы салмагы 7 килограмм 734 граммды түзгөн өсүмдүк тектүү 14 брикет табылган.
Соттук-химиялык экспертиза тарабынан алынган заттар гашиш баңгизаты экени аныкталган.
Тергөө иштери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн. Ал эми шектүү делип кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан