Мамлекеттик салык кызматынын бир нече инспектору кармалды (фото)

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Алар байкоо камералары жок атайын бөлүнгөн жерлерде салык салуунун тигил же бул маселелерин тездеткендиги жана чечкендиги үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча каражаттарын чогултушкан. Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

22-апрелде Биринчи Май райондук мамлекеттик салык кызматынын административдик имаратында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору Б.у.Н., Т.С., Т.Р., Д.М. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар Мамлекеттик салык кызматынын башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан