Кадамжайда аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жаңгак аныкталды

Баткенде 7 тоннага жакын аткезчилик жол менен алынып келе жаткан грек жаңгагы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында Өзбекстандын жараны Х.С.И. айдап келе жаткан Mercedes-Benz 814 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүүдө жүк ташуучу унаадан жалпы салмагы 6 миң 745 килограммды түзгөн грек жаңгагы табылган. Алынып келе жаткан жүктүн эч кандай тийиштүү документтери жок болгон.

"Материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Баткен облустук сотунун 2024-жылдын 25-мартындагы чечимине ылайык жүгү менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган", - деп айтылат маалыматта.

Бажы кызматы кармалган товардын баасы 1 577 500 сом экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан