Кечээ, 24-апрелде социалдык тармактарда эркек кишинин дүкөндө аялды уруп-согуп жаткан видео тараган болчу. Бишкектин Октябрь РИИБи бейбаштыкка шектүү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелде милицияга О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Арызында борбордогу 6-кичи районундагы дүкөндөрдүн биринде белгисиз жаран денесине эч себепсиз залал келтирип, качып кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1968-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.