Бишкекте көчөдө акча таратып жүргөн чуулгандуу казак блогери кармалды

Коңшу казакстандык чуулгандуу блогер Айдын Тусупов Бишкекте кармалганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эмне үчүн кармашканы азырынча белгисиз, алар түшүндүрүшкөн жок. Азыр райондук милициядамын", - деп жазды Тусупов.

Айдын Тусупов буга чейин социалдык тармактагы баракчасында Бишкектин көчөлөрүндө акча таратып жүргөндөгү видеосу менен бөлүшкөн. Ошондой эле анын кыздардын жанында сөгүнгөнү жана казинону жарнамалаганы үчүн көпчүлүк нааразы болгон.

Бул тууралуу Октярбрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганыбызда блогердин кармалганын тастыкташты.

Бул казакстандык блогердин чет өлкөдө биринчи кармалышы эмес. 2021-жылдын март айында ал жанындагылар менен бирге Москвада премиум такси чакырышкан. Айдоочу багажга жүктөрдү салып жатканда жигиттердин бири унааны айдай качкан. Балдар чет элдик унаанын кетип баратканын жана унаа ээсинин реакциясын видеого тартып алышкан.

Бир нече мүнөттөн кийин алар кайтып келип, айдоочуга бул тамаша экенин түшүндүрүшкөн. Бирок алар ошол эле күнү кармалган. Москва райондук соту казакстандыктарды 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Айдын Тусупов Казакстанга экстрадицияланган. 2023-жылы сентябрда шарттуу түрдө абактан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан