Баңгизаттын оор түрлөрүн сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Баңгизаттардын оор түрлөрүн өзгөчө ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ жоюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 10-майда милиция кызматкерлери Таш-Көмүр шаарынан 3 килограмм "гашиш" баңгизатын сатууну көздөгөн 1954-жылы туулаган А.К.Т. аттуу жаранды кармашкан. Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган баңгизатты алдын ала сүйлөшүлгөн жерге кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү алып келгени белгилүү болгон.
Тергөөдө алар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2011-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган 1987-жылы туулган К.Н.Т. жана 1973-жылы туулган А.С.Н. аттуу жарандар экендиги такталып, мурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен соттолгондугу аныкталган.
Аталаган 2 жаран былтыр А.Кны кармоо учурунда кылмыш болгон жерден качып кетишкен, андан соң тергөө тарабынан издөөгө алынган.
Шектүүлөрдүн бири К.Н.Т. 18-апрелде, экинчиси А.С.Н. 20-апрелде кармалып, Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан