Ошто мурдагы айыл өкмөт башчысы УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Ош облусунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат февраль айында М.Б.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы 10 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин курулуш компанияларынын бирине мыйзамсыз бергенин аныктаган.
Мындан улам М.Б.М. тергөөгө чейинки текшерүү ишин оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.
"Аталган сумманын жарымын, 9800 долларды УКМК кызматкерине берип жаткан жеринен М.Б.М. кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ош шаардык сотунун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынганын атайын кызмат кошумчалады.

25.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан