Жалал-Абадда Нарын дарыясына түшүп кеткен 6 жашар бала изделүүдө

Жалал-Абадда Нарын дарыясына агып кеткен 6 жашар өспүрүмдү издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган өспүрүм бала 23-апрелде саат 18:50дө Нарын дарыясына түшүп кеткен. Окуя Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылына жакын жерде болгон.
Андан бери издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
"Бүгүн издөө иштерине 17 куткаруучу, 3 суучул, Таш-Көмүр РИИБинин 9 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан