Бишкекте башка эле бирөөнүн BMW X7 унаасын сатып жиберүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

23-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине А.И. аттуу жаран И. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 2-февралында автосалондордун биринин ээси болгон И. аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен баасы 135 миң доллар болгон 2022-жылкы BMW Х7 үлгүсүндөгү унааны сатууга көмөктөшөм деген шылтоо менен ээлеп алгандыгын билдирген. Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн 125 миң долларды жеке муктаждыктарына жумшаган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган А.И. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталган, тактап айтканда, Түштүк Кореядан кымбат баалуу унааларды алып келүү шылтоосу менен 121 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алгандыгы тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан