Бишкектин четиндеги Селекция айылында BMW унаасынын айдоочусу жолдун четинде бара жаткан окуучу кызды сүзүп алып, токтобой качып кетти. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы учурда окуучуну сүзгөн айдоочуну аныктоо боюнча “Перехват” планы жарыяланганын маалымдады.
Ал эми жабырлануучу кыздын ооруканада экендиги айтылат.