Ысык-Көлдө мечиттерден телефон уурдаганга шектелип 17 жана 19 жаштагы жигиттер кармалды

Ысык-Көлдө мечиттерден уюлдук телефондорду уурдаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Чоң-Сары-Ой, Өрнөк, Чок-Тал жана Тамчы айылдарындагы мечиттерге белгисиз жарандар намаз учурунда киришип, илинип турган кийимдерден уюлдук телефондорду уурдап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя орун алган жерлерге барган милиция кызматкерлерине жабыр тарткан 9 жаран арыз жазып беришкен. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон. Жалпысынан жабырлануучуларга болжол менен 120 миң сом зыян келтирилген.
"Кылмыш жасаган шектүүлөр 2 күндүн ичинде аныкталып, Балыкчы шаарынан колго түшүрүлгөн. Алар: Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну Б.Н. жана Бишкектин 17 жаштагы тургуну К.С. ", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан