Бүгүн, 26-апрелде футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн Вьетнам курамасына каршы ойнойт.
Эки кураманын оюну Бангкоктогу "Бангкок Аренада" өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Кыргыз курамасы Азия кубогунун чейрек финалынын алкагында Иранга жеңилген. Бирок Өзбекстандын Вьетнамды жеңишинин аркасында Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу укугуна ээ болгон.