Ысык-Көлдүк тургундарды 750 миң сомго алдап кеткен шектүү Орусияда кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды 750 миң сомго алдап кеткенге шектүү жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн, 61 жаштагы Талас облусунун тургуну И.Ч. Орусиянын Петропавловск-Камчатский шаарында кармалган.
Кармалган шектүү 2013-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына келип, жергиликтүү тургундардын ишенимине кирип, акча убада кылуу менен өрүктөрүн сатууга алып кеткен. Бирок ошол бойдон дайынсыз болуп, качып жүргөн. Натыйжада 73 жаранга жалпысынан 750 миң сом материалдык чыгым келтирилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан