Бишкекте 46 жаштагы шектүү "чөнтөкчү" кармалды

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 16:00 чамасында Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан 14 миң сомдук Редми-9А үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы аталган кылмыш ишине шектүү катары 1978-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Тергөөдө ал Ош базарынын аймагында көптөн бери иштеп жүргөнү аныкталды. Ошондой эле тинтүү учурунда шектүүнүн жанынан уюлдук телефон табылды. Анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан