БШК депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Консититуциянын 79-беренесинде "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат, эгерда ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе" деген норма бар экенин белгилеп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн аткаруу боюнча токтомду добушка койду.

Аны Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн баары бир добуштан колдоду. Ошентип Мадумаровду мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.

Шайлдабекова бул чечимге макул эмес тараптар сотко кайрыла аларын белгиледи.

Жети айдан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.

Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралып, соттун чечими чыккан. Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. Ал райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан