Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Милицияга Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, кайгуул кызматынын кызматкери TOYOTA WISH үлгүсүндөгү унаасын унаа токтотуучу жайга киргизбей, ишти жабуу үчүн 18 миң сом талап кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери С.Р.П. кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.