Токтогулдун тургунунун үйүнөн 3 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери "издөө" операциясын жүргүзүп жаткан учурда шектүү жаранды байкашкан. Шек жараткан 60 жаштагы Ш.Н. аттуу жарандын кийип жүргөн шымынын оң чөнтөгүнөн салмагы 5 граммды түзгөн баңгизат табылган. Табылган зат бир даана тамекиге кошо оролуп, атайын чегүүгө даярдалган.
Ошондой эле анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзгөндө Ш.Н. өз ыктыяры менен жалпы салмагы 3 килограммдан ашуун өзгөчө кескин жыты бар заттарды тапшырып берген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.