Сузакта оорукананын жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен. Материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди    

Жалал-Абад облусунда оорукананын жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткендиги боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Жер жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасына пландуу текшерүү жүргүзүлүп, оорукананын жери жеке менчикке берилип кеткендиги жана мурда бөлүнгөн жер тилкеси бүгүнкү күндөгү мамлекеттик акты менен айырмачылыгы бар экендиги аныкталган.

Ооруканага тиешелүү жер тилкенин ичинен коммерциялык багытта 5 жаранга жеке менчикке берилгендиги белгилүү болгон.

"Учурда оорукананын аймагында курулуп жаткан курулуш долбоор боюнча жеке менчикке берилген жарандардын жер тилкесинин ордуна курулуусу керек. Бирок бүгүнкү күндө эки тараптын тең күчүндө турган мамлекеттик актысы болгондуктан курулуш иштери токтоп турат. Аталган факты боюнча материалдар Сузак райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан