Сот депутаттыкка талапкер Бекмурза Эргешовго байланыштуу БШКнын чечимин жокко чыгарды

Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) №7 Ош бир мандатуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Эргешовдун иши кечээ Бишкек шаарынын административдик сотунда каралып, сот анын арызын канааттандырган.

БШК 26-апрелде Бекмурза Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгарган. Буга башка талапкерлердин БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу жазган арызы жана социалдык тармактарга жарыяланган видео негиз болгон.

Белгилей кетсек, эркин журналист Ыдырыс Исаков 24-апрелде өзүнүн Ютуб каналында депутаттыкка талапкер Бекмурза Эргешовдун штабына жеке жана кызматтык унаалары менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери келип жатканы тууралуу видео жарыялаган. Анда Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери административдик ресурс колдонуп, талапкер Эргешовго колдоо көрсөтүп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан